Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 6-23-5
Жерге-Тал айыл аймагынын АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3»долбооруна сунушталган «Айылдарга электр чубалгыларын жана мамычаларын тартуу, КТП орнотуу» кичи долбоорун колдоо жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын Жерге-Тал айыл аймагынын АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3»долбооруна сунушталган «Айылдарга электр чубалгыларын жана мамычаларын тартуу, КТП орнотуу» кичи долбоорду колдоо үчүн өздүк салым каражатын жергиликтүү бюджеттен чечип берүү сунушун угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3»долбооруна сунушталган «Айылдарга электр чубалгыларын жана мамычаларын тартуу ,КТП орнотуу» кичидолбоорун колдоо максатында өздүк салым үчүн 249500 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын максакттуу пайдалануу жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |