Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 6-23-6
Жерге-Тал айылынын Аксай көчөлөрүнө
маркум Канаев Алишердин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешине маркум Канаев Алишердин үй-бүлөсүнөн келип түшкөн кайрылууну ,Жерге-Тал айылынын Аксай маалесинин тургундарынын элдик чогулуштарынын токтомун карап жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылынын Аксай маалесинин көчөлөрүнө маркум Канаев Алишердин ысмы ыйгарылып,Аксай ,Аксай 1,Аксай 2,Аксай 3 көчөлөрү тиешелүү түрдө Канаев Алишер,Канаев Алишер 1,Канаев Алишер 2,Канаев Алишер 3 атындагы көчө болуп которулсун.
2. Аталган көчөлөрдүн инфраструктурасынын өсүп-өнүгүүсүнө жыл сайын салым кошуп туруу жагы маркум Канаев Алишердин үй-бүлөсүнө жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеңештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ботоевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |