Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-октябры № 6-24-1
Өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 161672-00 сомдук акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын КР Өкмөтүнүн 21.04.2015-жылдагы №230-Токтомуна ылайык КРнын Каржы Министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын эсебине даярдалган «А.Эрматов орто мектебинин спорт аянчасын темир тосмо менен тосуу»долбоорун колдоо максатында 7%тик өздүк салымды б.а. 161672-00 сомдук акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 24.04.2015-жылдагы №230-Токтомуна ылайык КРнын Каржы Министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын эсебине даярдалган «А.Эрматов атындагы орто мектептин спорт аянтчасын темир тосмо менен тосуу»долбоорун колдоо максатында 7%тик өздүк салым б.а. 161672-00 сомдук акча каражаты 2016-жылда жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын туура багыт менен максаттуу жумшоо жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |