Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 6-23-3
Кошумча смета киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 800000-00 сом (сегиз жүз миң) сом акча каражатын чыгымдоо боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жерге-Тал айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен бөлүнгөн 800000-00 сом, акча каражаты төмөндөгү жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн жумшалсын.
2. Балдар бакчасына эмерек сатып алууга 31123210 статьясына 100000-00 сом, күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү чарба товарларын алуу үчүн 22221100 статьясына 200000-00 сом, ар түрдүү чыгымдарга 22154900 статьясына 40000-00 сом, учурдагы ондоо 22211200 статьясына 70000-00 сом, жумшалсын.
3. Башкаруу аппараты Р-701 бөлүмүндө айылдарда жаңы конуштарды шагылдоого 22154900 статьясына 100000-00 сом, айыл өкмөтүнүн конторасына жылуулук системасын орнотуу үчүн 22211200 статьясына 250000-00 сом, ар түрдүү чыгымдар 22154900- статьясына 40000-00 сом каралсын.
4. Бул акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М. Сагынбаевге) жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |