Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-октябры № 6-26-1
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги иштерин чечүү үчүн айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Р-709 (Билим берүү) бөлүмүндө 4-кварталында статья 2232 (электр энергиясы) статьясында жайгашкан бардыгы 185,0миң сом (бир жүз сексен беш миң) акча каражаты төмөндөгү статьяларга которулсун:
Р-70911 (Аппарат) 22111 (сапар чыгымы) статьясына 30,0 миң (отуз миң) сом,2221 (учурдагы оңдоо) статьясына 70,0 миң (жетимиш миң) сом 2215 (ар түрдүү чыгым) статьясына 40,0 миң сом акча каражаты каралсын.Р-70911 (бала бакча) 2215 (ар түрдүү чыгым) статьясына 45,0 миң (кырк беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Сагынбаевге ,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Тургунбаевага милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |