Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 6-27-1
«Назик» балдар бакчасына көмүр сатып алуу үчүн
акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылындагы «Назик» балдар бакчасына отун-көмүр маселесин чечүү үчүн Республикалык бюджеттен келген 250,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаеванын сунушун угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетине Республикалык бюджеттин эсебинен 2224 (көмүр сатып алуу) статьясына келген 250,0 (экижүз элүү) миң сом акча каражаты Боспиек айылындагы «Назик» балдар бакчасына көмүр сатып алуу үчүн берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |