Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-марты № 8/4
А.Орозбековдун 125 жылдыгы,
Полотхандын 170 жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Нажиеванын билдирүүсүн карап,талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүңдө А.Орозбековдун 125 жылдыгы, Полотхандын 170 жылдыгын өтөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп,иш чара иштелип чыгылсын.
2. Иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүүчүн бюджеттен сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |