Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-марты № 9/2
Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагында жамааттык
балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Г.Нажиеванын билдирүүсүн карап,талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагында жамааттык балдар бакчасын ачуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Надировага милдеттендирилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |