Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 20-августу № 31/2
ПРООН тарабынан каржыланган долбоорлордун кошумча сметасын бекитүү жөнүндө (атайын каражат)
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун (атайын каражатын) сметасы бекитилсин;
-Трансформатор коюуга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 499 000 сом (сметасы тиркелет);
-Кайырмага сооружение салууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 497 000 сом (сметасы тиркелет);
-Таза суунун ремонттуна жана жаңы тартууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 498 000 сом (сметасы тиркелет);
-Муниципалдык СТО ачууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 498 000 сом (сметасы тиркелет);
-Ветеринардык аптека ачууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 279 710 сом (сметасы тиркелет);
-Ветеринардык ваннага керектелүүчү акча каражатынын сметасы 320 959 сом (сметасы тиркелет);
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын;
3. Каражатын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук каржы жана казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |