Редакцияот 24.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 24-ноябры № 33/3

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Б. Дүйшөнбиев жөнүндө жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясынын 7-пунктуна, Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Дүйшөнбиев Бактыбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттыгына кийинки тизмедеги талапкерди тактап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго милдеттендирилсин.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков