Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 34/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөм болгон жана пайдаланылбай калган каражаты жетишсиз статьяга жылдыруу жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен авто запчаст үчүн бөлүнгөн 2214-22141200 статьясындагы 20 000 сом акча каражаты 2215-22154900 статьясына жаңы жылдык белек алууга которулсун.
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |