Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 34/2
Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын 8-декабрь 2015-жылдагы № 1846 сандуу каты жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын тургуну Камчыбек уулу Темирбектин наамына Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 12.05.2015-жылдагы №224 анытамасынын негизинде «Боронду» участкасындагы № 107 контурдун ичиндеги эски жер төлөнүн орунан 0,05 га жер аянты там, сарай салууга жеке менчигине берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |