Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 19/3-1
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 2016-жылга
айыл чарба жер салыгынын эсеби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премерь-Министри Т. А. Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы тапшырмасынын негизинде 2016-жылдын чейин жергиликтүү Кеңештер менен биргеликте жергиликтүү бюджеттерди бекитүү маселелерин чечүү жана жер салыгынын базалык ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык туруктуу комиссиянын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга дыйкан чарба жана ФПЗнын жерлери боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |