Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 19-3/4
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019- жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше булактарынын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше булактарынын болжолдуу долбоорунун түзүлүшү жонундо Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын торагасынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин 6 - чакырылышынын 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше булактарынын болжолдуу долбоору 2017-2019-жылдардагы жыйналуучу салыктардын жана жыйымдардын маалыматына негиз бекитилсин .
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017- 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше болугуно жыйналуучу салыктардын,жана жыйымдардын маалыматын айылдык кенештин бюджеттик каржы комитетине билдирип туруу жагы ФЭБдин башчысы А.Кожобековко, улук салык кызматкери Ч.Жуманазаровка милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ө. Камчыбековко милдеттендирилсин .
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |