Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 19/4
Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы
Э. Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы
үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө
«Ак-Суу жайыт комитетинин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө» туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап, акы алуусу бекитилсин. 1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), 1жашт кара мал үчүн 1 жылга 45 сом ( 0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффициент).
2. Жайыт жерлерди башка максатта пайдалангандыгы үчүн бал челек кармагандарга жайыт үчүн төлөм 1 даана аары яшикке 50 сомдон жайыт акы бекитилсин.
3. Башка айыл өкмөтүнүн жана шаарлардын тургундары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдаланган аарычылык менен алектенсе ар бир бал челек үчүн 100 сом өлчөмүндө жайыт акы белгиленсин.
4. Башка айыл өкмөттөрдүн, шаарлардын, райондордун атуулдары мал жандыктарын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдалангандыгы үчүн жогорудагы белгиленген коэффициент бир жарым эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
5. Жайыт жерлерин 1 жылдан ашык акы толобой пайдаланган атуулдар жана бал челекчилерге, жайыт мыйзамын бузуп, жайыт билетин албай чыккан жайыт пайдалануучулар К.Р жайыттарды пайдалануу жөнүндөгү мыйзамына ылайык айып салуу колдонулсун.
6. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар мал жандыктын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы айыл өкмөтүнүн вет адисинен алуу үчүн түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |