Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 19/6
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелери жөнүндө
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча Укуктук ченемдик актыларынын негизинде турак-жай үчүн жер участогун берүү, арендага (аукцион, конкрус) келишимдин негизинде ижара акысын белгилөө менен берүү жана атуулдардан түшкөн арыздарды карап убагында чечүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелерди чечүү боюнча төмөнкүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
А. Шадыканов - комиссиянын төрагасы, а/к депутаты
К. Чокомбаев - комиссиянын мүчөсү, а/к депутаты
Н. Орозбаев - комиссиянын мүчөсү, а/к депутаты
С. Ибраимов - комиссиянын мүчөсү, а/к депутаты
А. Акишов - комиссиянын мүчөсү, а/к депутаты
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнө агрардык маселелер жөнүндө атуулдардан түшкөн арыздарды карап учурунда чечип берүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкулов милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |