Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 17-ноябры № 16/1
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча план кароо жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча план кароо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынын киреше бөлүмүнө 170 миң сом Чыгаша бөлүмүнө 170 миң сом кошумча план акча каражаты бекитилип берилсин
2. Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча каралган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |