Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 29-декабры № 18/2
Талаа-Булак айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардагы жаш өспүрүмдөргө карата тарбия иштеринин жүргүзүлүшү жана балдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардагы жаш өспүрүмдөргө карата тарбия иштеринин жүргүзүлүшү жана балдарга карата зордук зомбулуктун алдын алууда билим берүү мекеме жетекчилери У.Балбаков, Т.Бактыгулов, Ж.Абыкешова, П.Багышовалардын маалыматтын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардагы жаш өспүрүмдөргө карата тарбия иштеринде алгылуукту иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2.Балдарга карата зордук зомбулуктун жана окуучулар арасында рекетчиликтин алдын алуу иштерин уюштуруу жагы мектеп директорлоруна, социалдык педогогдорго, бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |