Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 29-декабры № 18/3
Талаа- Булак айыл аймагынан «Нур Телеком ООО» станциясын орнотуга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген «Жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО» нун негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңиши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынан «Нур Телеком ООО» станциясын орнотууга «Сеңир» участкасынын жайыт жеринен 20м 2 жер участкасы бөлүнүп берилсин.
2. «Нур Телеком ООО» станциясы курулуп ишке кирген күндөн баштап жайыт комитетинин өздүк эсебине ай сайын 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө акча каражатын которуп туруу жагы «Нур Телеком ООО» станциясынын жетекчилигине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кадыркул уулуна жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |