Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 29-декабры № 18/4
Талаа-Булак айыл аймагынын согуштун куралдуу күчтөрүнүн укук коргоо органдарынын оруктагы эмгекчилердин ардагерлер Кеңешинин сунуштары жөнүндө
Согушка катышкандардын жана оруктагы эмгекчилердин ар бирине эстелик орнотуу жана айыл аймагынын өнүүгүсүнө салым кошкон атуулдарын чагылдырган китепче уюштуруу боюнча “Талаа-Булак айыл аймагынын согуштун, куралдуу күчтөрүнүн укук коргоо органдарынын, оруктагы эмгекчилердин ардагерлер Кеңешинин” төрагасы Д.Акималиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагы боюнча согушка катышкандардын, оруктагы эмгекчилердин өзгөчө эмгек сиңирген атуулдардын атын түбөлүккө калтыруу максатында ар бирине эстелик такталары уюштурулсун.
2 Согушка катышкандардын жана оруктагы эмгекчилердин ар бирине эстелик орнотуу жана айыл аймагынын өнүгүсүнө салым кошкон атуулдарын чагылдырган китепче уюштуруу боюнча жобосун иштеп чыгуу Талаа-Булак айыл аймагынын согуштун, куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, оруктагы эмгекчилердин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Акималиевге тапшырылсын.
3.Эстелик такталарынын орнотулуучу жерин белгилөө жана китепче уюштуруу иштери айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |