Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/5
Көк-Жаңгак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине (КБФ) аренда төлөмдөрүн көбөйтүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 151-0 18.12.2015-жылдагы кайрылуу катын «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу тууралуу» 19 март 2015-жылдагы № 60 мыйзамына ылайык Көқ-Жаңгак шаарынын (КБФ) жерлерин колдонгон жарандарга ижара акы төлөмдөрү боюнча карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарынын кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-1 гектар суугат жерге 2000 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен;
-1 гектар кайракы жерге 700 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен;
-1 гектар бак дарак жерге 500 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен.
2. Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча адиси Р.Талиповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|