Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/6
Көк-Жаңгак шаарындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге коюлуучу коэффициент жана аыйл чарба багытындагы жерлердин базалык ставкасы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 22-0 10.02.2016-жылдагы кайрылуу катын «Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337, 339 статяларында каралган шаардагы айыл чарба багытындагы жерлерге болгон базалык ставкаларды жана айыл чарба багытында эмес жерлерге зоналдык коэффициентерди көбөйтүп берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаарда айыл чарба жерлердин аздыгына, суугат суунун тарташтыгына жана өздөштурө турган жерлердин жоктугуна байланыштуу Көк- Жаңгак шаарындагы айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ставкасын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясында каралган өлчөмдө калтырылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339 статьясына ылайык зоналдык коэффициент К1-1,2ге чейин көтөрүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча адиси Р.Талиповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|