Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/7
Көк-Жаңгак шаарынын балансындагы жерлерди инвентиризациялоо жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын балансындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө»№ 114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо» институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан 2014-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын январь айына чейин инвентаризациялангандыгы жөнүндө маселени угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдын № 114 токтому менен бекитилген жобо менен таанышып жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарынын балансындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө» №114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо» институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы такталсын.
2.Жерлерди инвентаризациялоонун отчеттулуктун белгиленген формасына ылайык Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча шаардын мэриясы түзгөн комиссиясынын жыйынтыгы тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдын № 114 токтому менен бекитилген жободо көрсөтүлгөндөй шаардын мэриясы түзгөн комиссиянын бекиткен жыйынтык шаардык кеңешке бекитүүгө кезектеги сессияга сунушталсын.
3.Токтомдун аткаруусун шаардын мэри Ж.Юсуповго жана мэриянын жер адиси Р.Талиповго милдетендирилет.
4.Токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|