Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/8
Көк-Жаңгак шаарындагы маданият сарайын жана №1 бала бакчаны муниципалдык менчиктин балансына алуу жана муниципалдык менчиктин обьектердин реестрине киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 50-0 25.02.2016-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаарындагы маданият сарайын жана № 1 бала бакчаны Көк-Жаңгак шаардык мэрияга караштуу муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга жана муниципалдык менчиктин обьектердин реестрине кошууга макулдук берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаардык маданият сарайын Көк-Жаңгак шаардык мэрияга караштуу муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу үчүн маданият сарайына инвентаризация жүргүзүү үчүн шаардык мэриядан, шаардык маданият бөлүмүнөн, муниципалдык менчик департаментинен тийиштүү адиси жана шаардык кварталдык комитеттеринин башчылары менен биргеликте комиссия түзүлсун .
2.Көк-Жаңгак шаарындагы №1 бала бакчаны шаардык муниципалдык менчиктин обьектердин реестрине киргизилсин жана кезектеги сессияга бекитүүгө шаардык кеңешке сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышы шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы А.Кунанбаевге, маданият сарайынын жетекчиси М.Ташболотовго жана Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине милдетендирилсин.
4.Токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин билим беруу жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана сопрт боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси Ж.Мараимовго милдетендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|