Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 26/10
Көк-Жаңгак шаарынан чыккан таштандыларды таштоо үчүн жер аянтын белгилоо жана Г.Атаханов (Мира) көчөсүндөгү таштандыларды таштоо жерин көчүрүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 43-10 24.02.2016-жылдагы каттын негизинде Көк-Жаңгак шаары менен Багыш айыл өкмөтү чектешкен жерге Жалал-Абал областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын Көк-Жаңгак шаарынын таштандыларды таштоочу жайдын планында каралган 3,0 га жер аянтын белгилөө жана бекитип берүү жөнүндө жана Г.Атаханов көчөсүндөгү таштандыларды таштоо жерин көчүрүү жөнүндө маселени карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын таштандыларды таштоочу жайдын аянты жер планында көрсөтүлгөн 3,0 га жер аянты бекитилсин. 2.Көк-Жаңгак шаарынын Г.Атаханов көчөсундөгү таштандыларды таштоочу жер аянты бала бакчанын жана мектептин чектеринен 500 метр алыстыка көчүрүлсүн. 3.Токтомдун аткарылышын шаардык муниципалдык департаментинин жетекчисине милдетендирилсин. 4.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси Т.Айтиевге милдетендирилсин. 5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов
|