Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 12
Кенжекул айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кенжекул айылынын жашоочуларынын «Наристе нуру» балдар бакчасынын башчысы З.Саитованы бакчанын башчылыгынан бошотуу жөнүн дөгү арызын жана арызда көрсөтүлгөн жүйөөлөрдү угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылындагы «Наристе нуру» балдар бакчасынын башчысы З.Саитова ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу эместиги жөнүндө жогорку органдарга сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнө жыйынтык чыгаруу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |