Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 13
Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашевага
материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашеванын күйөөсү каза бол- гондугу, мектеп жашындагы жана бакчага бара турган 3 баласы бар экендиги, өзү иштебей үйдө отургандыгы, ошондуктан материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жазган арызын угуп жана талкуулап чыгып, З.Чырмашеванын жалгыз бой эне жана 3 баласы менен иштебей отургандыгын эске алып Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашевага 20 000 (Жыйырма миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р) – материалдык жардам үчүн көрсөтүлгөн сумманы өз убагында ажыратып берүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |