Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 14
Айылдардагы чоң көчөлөрдү кесип өткөн
жолдордун тосулган бөлүгүн ачуу жөнүндө
Депутаттар Туруктуу комиссиянын төрагасы А.Тажибаевдин – «Генплан боюнча айылдардын ичиндеги чоң жолдорду кесип өткөн ички жолдор көрсөтүлгөн, ал жолдорду кээ бир атуулдар тосуп алышып, мыйзам бузууларга жол берилгендиги, бул күнгө чейин аларга айтылып, эскертилгендигин, ошого карабастан алар жолду ачпай жатышкандыгын жана бул маселени аягына чыгаруу керек экендиги, туруктуу комиссиянын отурумунда каралгандыгы жөнүндөгү» - билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдардын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын ичиндеги чоң жолдорду кесип өткөн ички жолдорду тосуп алган жарандарга карата топтолгон материалдардын жыйындысы тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттерин .
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |