Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 15
Жарооз айылында мүрзө үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин – «Жарооз айылындагы мурдагы мүрзө толуп бүткөндүгүнө байланыштуу жер аянтын ажыратуу керектиги жөнүндөгү» - билдирүүсүнүн жана айылдын тургундарынын арыздарынын негизинде Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылындагы мүрзө үчүн 4,0 (төрт) га жер аянты айылдын жайыт жерлеринен берүү жөнүндө Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин.
2. Мүрзө үчүн ажыратылган жердин иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |