Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 16
Мөнөк айылында медресе ачуу жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын айыл башчысы А.Баймурзаевдин айылдын тургундарынан - «Айылда жаштарды жана каалочуларды ислам дининин «Ханафий» масхабы боюнча окутуу максатында медересе ачуу жөнүндө сунуштар түшкөндүгүнө байланыштуу» - билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Мөнөк айылынын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мөнөк айылында медресе ачууга макулдук берилсин.
2. Медресенин иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |