Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 17
Бекжар айылындагы маданият үйүндө кароолдук штат ачуу жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылынын айыл башчысы А.Эрменовдун айылдагы маданият үйү кароосуз калгандыктан кароолчу штатын киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык маданият борборлорун тиешелүү деңгээлде сактоо максатында Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айылындагы мадаинят үйүнө 1 (Бир) кароолдук штатын ачууга макулдук берилсин.
2. Кароолдук штатка эмгек акысын төлөп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин кошумча булактарын издеп табуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |