Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 18
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну
Рахматуллаев Исломбектин арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургуну И.Рахматуллаевдин айылдын борборундагы «Жети чынар» фонтанын өзүнө кайра ижарага берүү жөнүндөгү арызын угуп жана И.Рахматуллаевдин апасы Абдурахманова Масудахан менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда ижарага берүү боюнча 2005-жылдын 8-августунда түзүлгөн келишимдин шарттарын карап, аталган келишимдин 2-гл. 2.1.-бөл. - «Ижарачы убактылуу обьект курат», ал эми 2.8.-бөл. – «Жер аянтчасын пайдалануу мөөнөтү бүкөндөн кийин келишим күчүнө киргенге чейинки абалынан жаман эмес абалда Жердин ээсине кайтарып берет, курулган курулуштарды бузуу өз эсебинен жүргүзүлөт.»- деп көрсөтүлгөндүгүнө жана Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн Тартиби жана шарттары жөнүндөгү» Типтүү Жобонун 4-гл. 4.2.-бөл. – «Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине жеңилдетилген типтеги курулуштарды жана түзүлүштөрдү курууга уруксат берилиши мүмкүн» - деп көрсөтүлгөндүгүнө крабастан Абдурахманова Масудахандын уулу Рахматуллаев И. өзүм билемдик менен капиталдык курулуштарды куруп алып, 10 жылдан бери пайдаланып жүргөндүгү жана ижара келишими 2015-жылдын 10-августунда бүткөндүгүнө карабастан ижарага алган жер аянтчасын баштапкы абалына келтирбей, б.а. өзүм билемдик менен курулган капиталдык курулуштарды бузбастан жана жер аянтчасын Жер ээсине кайтарып бербестен жүргөндүгү, Рахматуллаев И. бул аракети менен жогоруда аталган Типтүү жобонун жана келишимдин шарттарын одоно бузгандыгы боюнча кеңири талкуудан кийин, анын 2005-жылдан бери аталган жер аянтына инвестициялык-курулуштук ниеттерин (капиталдык курулуштарды кошпогондо) ири суммадагы каражаттарды салуу менен ишке ашыргандыгын, айылдын тургундарынын суроо-талаптарын эске алып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын борборундагы «Жети чынар» фонтаны Рахматуллаев Исломбекке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана 10.08.2015. түзүлгөн келишимдин шарттарын (айланасындагы курулган капиталдык курулуштарды бузуу, жер аянтчасын баштапкы абалына келтирүү, жер аянтчасын айыл өкмөтүнө кайтарып берүү) толук сактап, иш жүзүнө ашырган убакта өзүнө кайрадан ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |