Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 19
Кашкар-Кыштак айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын жашоочуларынын айылдын четинен спорт талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап чыгып, азыркы убакта спорт талаасын курууга ылайыктуу жер болбогондугуна, ал эми КБФунун курамындагы айыл чарба багытындагы жерлерди башка максаттарда пайдалануу мыйзамдарга карама-каршы келгендигине байланыштуу Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылында стадион куруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоо боюнча жана иш кагаздарын даярдоо иштерин жүргүзүү милдеттери айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |