Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 20
Алгабас,Бекжар айылдарынын депутаттарынын сунушун кароо жөнүндө
Депутаттар Алгабас,Бекжар айылдарынын депутаттары Сурапбаев Н, айылдын четинен спорт талаасы үчүн жер аянтын ажыратып берүү, балдар бакчасын ачуу жана жайытка кетүүчү жолду оңдоо жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алгабас, Бекжар айылдарына балдар бакчасын ачуу үчүн ылайыктуу имарат, ал эми спорт талаасын куруу үчүн ылайыктуу жер аянтын издеп табуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бекжар айылы аркылуу жайыттарга кетүүчү жолду оңдоо жагы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |