Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 21
Андижан-маала айылында мечит ачуу жөнүндө
Депутаттар Аниджан-маала айылынын аксакалдарынан - «Айылда мечит жоктугуна, жаштарды жана каалочуларды ислам дининин «Ханафий» масхабы боюнча окутуу максатында мечит ачуу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Андижан-маала айылынын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андижан-маала айылында мечит ачууга макулдук берилсин.
2. Мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү, иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |