Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 22
Кайрагач айылында мечит ачуу жөнүндө
Депутаттар Кайрагач айылынын тургуну Жаңыбаева Сонайымдын «Өзүнүн менчик жер аянтынан мечит курууга макулдук бергендиги жөнүндөгү арызын жана айыл аксакалдарынын - «Айылда мечит жоктугуна , жаштарды жана каалочуларды ислам дининин «Ханафий» масхабы боюнча окутуу максатында мечит ачуу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кайрагач айылынын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айылында Жаңыбаева Сонайымдын менчик жерине мечит ачууга макулдук берилсин.
2. Мечит куруу үчүн Жаңыбаева Сонайымдын жер тилкесинен тышкары кошумча жер аянтын ажыратып берүү, иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |