Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 11
Кашкар-Кыштак айылында «Бай тилек» балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р.Рахматовдун «Кашкар-Кыштак айылында балдар бакчасын уюштуруу жөнүндөгү» сунушун угуп жана талкуулап чыгып жана айылда жаш үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп, ошого жара- ша жаш балдардын бакчага болгон муктаждыгы да өсүп жаткандыгы жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын суроо-талаптарын эске алып Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылында Абдрасулов көчөсүндөгү жаңыдан ачылып жаткан «Бай тилек» балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин жана анын Уставы бекитилсин.
2. «Бай тилек» балдар бакчасына ижаралык негизде иштетүүгө ылайыктуу имарат издеп табуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. «Бай тилек» балдар бакчасын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана башка иш кагаздарын даярдоо жагы балдар бакчасынын жетекчисине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |