Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 9
Жарандарга берилүүчү аныктамалардын тарифин бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевдин «Жарандарга берилүүчү аныктамалардын тарифин бекитүү жөнүндөгү» сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү боюнча жарандарга берилүүчү аныктамалардын баасы 10 (Он) сомдон белгиленсин.
2. Токтомдун көчүрмөсү жарандарга аныктамаларды берүү үчүн айыл башчыларына таркатылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |