Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 8
Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин Айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетинин кенешмесиинин 09.12.2015-ж. «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» протоколун бекитүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кенешинин Айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетинин кенешмесинин 09.12.2015-ж. «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» протоколун, жер адиси А.Динбаевдин чарбанын ижара келишими нин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ижара акысынын баасын белгилеп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак, Тажик-маала айылдарынын дыйкандарынын арыздарын эске алып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кенешинин Айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетинин 09.12.2015-ж. «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» протоколу бекитилсин.
(Комитеттин протоколу жана кенешменин токтому тиркелет)
2.Кенешменин токтомуна ылайык «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси А.Үсөбаевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу эместиги жөнүндө жогорку органдарына сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.»Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын ижарага берилүүчү жер аянтарынын ижара акысы 3000 (Үч миң) сом деп белгиленсин.
4.Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук Агрардык өнүктүрүү департаментине жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдыккеӊешинин төрагасы | Б. Жунусов |
Кашкар-Кыштак айылы 9-декабрь 2015-жыл.
Отурумга комиссия мүчөлөрүнөн Тажибаев А, Салиев Х, Ибрагимов П, Арипов А катышышты. Сурапбаев Н, Абдиев Б-р себептүү түрдө катышкан жок. Андан тышкары отурумга Кара-Суу райондук айыл чарба департамен- тинин өкүлү Ж.Тойчиев, айылдык кеңештин төрагасы Б.Жунусов, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаев, жер адиси А.Динбаев, адис С.Дадажанов жана айылдык кеңештин катчысы М.Маматалиевдер катышышты.
Күн тартибинде :
1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Угулду : Күн тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Тажибаев Аттокур чыгып сүйлөп, «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын жүргү- зүп жаткан иштери, алардын дарегине аймактын тургундарынын атынан тү- көн арыздарды айылдык кеңештин 2015-жылдын 9-дека брындагы 19-сессия- сынын күн тартибине коюлуп, эң биринчи комиссия нын кеңешмесинде карал- сын деп кароосуз калтырылган. Ошондуктан бүгүн комиссия мүчөлөрү адистер менен бирге чечип, жыйынтыгын ке-зектеги сессиянын кароосуна сунуштала тургандыгын билдирди.
Андан кийин сөзгө чыккан А.Динбаев Кара-Суу райондук агрардык өнүктү- рүү департаментинин 2015-жылдын 12-октябрындагы № 170 катында – «Кыргыз Рсепубликасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан райондогу үрөн чарбаларга статус берүү боюнча комиссия түзүлгөндүгү, жеринде чарбалык иштери такталып, алардын мындан кийинки иш багыты аныктала тургандыгы, «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасына ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдир гендигин,ал эми «Ак-Алтын»үрөнчүлүк чарбасынын башчысы А.Үсөбаев да 2015-жылдын 9-октябрындагы № 8 катында Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 57 га сугат айдоо жер аянттарын иштетүүдө ижара мөөнөтү бүткөндүгүн билдирип, ижара мөөнөтүн узартып берүүнү сураган- дыгын, бул каттарга жооп кылып айыл өкмөтү 2015-жылдын 21-октябрында 1077 чыгыш саны менен «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасына андан ары жерди ижарага берүү маселесин айылдык кеңештин кароосуна жөнөт көндүгүн билдиргендигин айтты. Андан тышкары айыл өкмөтүнүн башчысына 2015-жылдын 14-октябрында Кашкар-Кыштак айылынан 21 адам «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасы элге эч кандай пайда келтирбей жаткандыгы, анын 15 га жерин, ал эми Тажик-Маала айылынын тургундары 2015-жылдын 6-октябрында 8,30 га жерин дыйкандарга ижарага берүү жөнүндөгү арыздар менен кайрылышкандыгын билдирип, бүгүн бул маселени чечип берүүнү сунуш кылды.
Сөзгө чыккан «Ак-Алтын» үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси А.Үсөбаев чарба 1996-жылы уюшулгандыгын, бүгүнкү күндө пахтанын жана буудайдын жогорку репродукциядагы үрөндөрүн өндүрүп Кара-Суу районундагы үрөнчүлүк жана дыйкан чарбаларга таркатып жаткандыгын айтып, 2009—2015-жылдарда өндүрүлгөн үрөндөр боюнча маалыматты таблица түрүндө комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүп, азыркы күндө Уставдын негизинде иш алып барып жаткандыгын, ижара мөөнөтү бүткөнү менен жогорку органдардан келген токтомдорго таянып, иштерин улантуу керек экендигин билдирди.
Айылдык кеңештин төрагасы Жунусов Б. А.Үсөбаевге төмөндөгү суроолор менен кайрылды :
Суроо : Үрөнчүлүк чарбасынын башчысы ким тарабынан дайындалат?
Жооп : - айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун райондун акими карап чыгып Айыл чарба министрине сунуш берет, министр бекитет.
Суроо : - 57 га жердин канча жерине кандай эгиндер эгилди?
Жооп : - 2013-жылы – 23 га буудай, 21 га пахта, 13 га соя,
2014-жылы – 29 гаа буудай, 22 га пахта, 4 га жүгөрү, 2 га төө буурчак,
2015-жылы – 26 га пахта, 17 га ар түрдүү эгин, 5 га соя, 9 га жүгөрү.
Суроо : - Эгилген эгиндердин түшүмдүүлүгү кандай бодду?
Жооп : - 2015-жылы пахта гектарынан 30ц, буудай индикативдик план боюнча50ц. болсо – 41,5ц, соя – 16т, жүгөрү даны – 60 т. түздү.
21 тонна чигит үрөнүнөн 16 тонна накта тазаланган чигит үрөнү алынды.
Суроо : - Дыйкандарга канча үрөн жана базар баасынан канча арзан бердиңиз?
Жооп : - Араван районуна, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө, ал эми Барак анклавына акимден келген каттын негизинде 8 т. берилди. Элита сорту 32 сомдон, бул бааны бизге монополияга каршы комитети бекитип берет.
Суроо : - Сизди субарендага жер берет деп уктук, канча жер аянтын кандай баада бердиңиз? Субарендага бергенге укугуңуз барбы?
Жооп : - Субарендага бергенге укугум жок, бирок бригадалык подряд менен
иштегендерге айлык беребиз.
Суроо : - Чарбада канча штат бар? Канча адам эмгектенет?
Жооп : - 5 адам иштейт, агроном келишимдин негизинде айлык алат.
Суроо : - Түшкөн пайданы кайсы жакка иштетесиз?
Жооп : - Мага чейин 187 га жер болгон, 57 га жерден 1млн 150 миң сом карыз менен алгамын, 2006-жылдан бери 1 млн сом карыз төлөдүм, кеткен чыгымдар көп.
Суроо : - Чарбанын балансында кандай кыймылсыз мүлктөр бар?
Жооп : - Талаа шыйпаңынын имараты, Т-28 трактор, 1 культиватор, АШУ аппараты бар.
Суроо : - 57 гадан жылына канча таза киреше аласыз?
Жооп : - 700 000 сомго жакын киреше алабыз.
Айылдык кенештин төрагасы Жунусов Б. айыл өкмөтү айыл чарба адис тери менен бирге үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү жөнүндө дыйкандардан сурамжы лоо жолу менен анализ жүргүзүп, комиссияда каралган материалдардын неги- зинде айыл өкмөтүнүн адистери, райондук айыл чарба департаментин өкүлдө- рү, депутаттар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте «Ак-Алтын» үрөн чарабасынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, жыйынтыгын кезектеги сессияга коюуну сунуш кылды.
Андан тышкары сөзгө чыгышкан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаев, Кара-суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Ж.Тойчиев, адис С.Дадажановдор да өз пикирлерин айтышты.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.”Ак-Алтын” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси А.Үсөбаевдин 2015-жыл ичиндеги ишмердүүлүг жөнүндөгү беоген отчету канаатандырарлык эмес деп эсептелсин.
2. “Ак-Алтын” үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгүн анализдөө мак- сатында айыл аймагындагы дыйкандардан сурамжылоо жолу менен иш чара өткөрүлсүн жана жыйынтыгы айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна коюлсун.
3. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугу менен атайын өкүлү, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн атайын адистери, укук коргоо органдары менен биргеликте үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссиянын курамы түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы : Тажибаев А.