Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 7
Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин
аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин
бекитүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун «Жайыт комитетинин» 2015-жылга аткарган иштери жөнүндө угуп жана 2016-жылга бюджетинин долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден ;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган салыктардан;
- ири мүйүздүү малга – сезон мезгил үчүн 700х125 сомдон=87 500 сом,
- майда мүйүздүү (кой, эчкилерге) – сезон мезгил үчүн 6000х25 сомдон=150 000 сом,
- жылкыга - сезон мезгил үчүн 400х125 сомдон=50 000 сом,
-Балчелек – сезон мезгил үчүн 350х25сомдон=8 700 сом,
-Башка багытка жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн 1 м2 үчүн 50 сомдон=1000 сом;
- Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандар үчүн 1 га жер аянтына 1 жылына-1000 сомдон = 10 400 сом.
Баары 400 000 (төрт жүз миң) сомго бекитилсин.
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарына жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу салыктар эки эседен алынсын.
3. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 400,0 миң сомду түзүп, чыгаша бөлүгү төмөндөгү чыгашалардан :
- эмгек акыга - 125 000 сом,
- соцфондго чегерүү, 15,25% - 27 000 сом,
- инфраструктураны көтөрүүгө - 90 000 сом,
- транспорттук чыгымдар - 45 000 сом,
- жер салыгы - 53 600 сом,
- башка чыгымдар үчүн - 60 000 сом
Баары 400 600 (Төрт жүз миң алты жүз) сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |