Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 6
«Абат айыл» коммуналдык муницпалдык ишканасынын
2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар «Абат айыл» коммуналдык муницпалдык ишканасынын жетекчиси М.Киргизбаевдин ишкананын 2016-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү сунугун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Рсепубликасынын «Кыргыз Рсепубликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 15-, 17-беренелеринин талаптарына ылайык Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Абат айыл» коммуналдык муницпалдык ишканасынын 2016-жылга бюджети:
- 2016-жылдын 1-январына карата 5 000 сом калдыгы менен;
- элге кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше булактарынан 400 000 сом акча каражаты бекитилисин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |