Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы
2016-жылдын 16-марты № 2
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери
жана 2016-жылга аткара турган милдеттери жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткара турган милдеттери жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткара турган милдеттери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төраганынын орун басары К.Хакимжановго жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |