Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXX сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 3

Кара-Буура айыл аймагын 2016-жылга карата көрктөндүрүү

жана жашылдандыруу иш-планын бекитүү жөнүндө

 

     Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакиевдин Кара-Буура айыл аймагын 2016-жылга карата көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-планын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагын 2016-жылга карата көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-планын тиркемеге ылайык бекитилсин

2. Бекитилген иш-планды ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Буура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н.Усупбеков