Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXI сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 2

Кара-Буура айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын

кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомдорун жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагында кошумча муниципалдык акысыз жана акылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген реестрдеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Буура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н.Усупбеков