Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXII сессиясы
2016-жылдын 31-марты № 2
Үч-Булак айылынан жараксыз жерлерден эс алуучу жай курууга
жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Булак айылынын түндүк-батыш тарабындагы №209 чөйрө сызыгындагы сай-дөң айыл чарбасына жараксыз жерлеринен 2,50га жер бөлүкчөсү Шабданбек уулу Азаматка эс алуучу жай жана балык чарбасын уюштуруу үчүн 10 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|