Редакцияот 14.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26-сессиясы

 

2015-жылдын 14-декабры № 147

Кароол   айыл  өкмөтүнүн  атайын  каражатар  эсебинин  кирешелери жөнүндө

     Кароол айыл  өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине  Өзгөн райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө Шералы айылындагы Бак участкасына таза-суу  түтүктөрүн орнотуу  жана  трансформатор  орнотуу  үчүн  кошумча акча каражатын  киргизүү  жөнүндөгү  маселени  финансы экономика  жана бюджет  боюнча комиссиясында  каралып,  алардын талкуусунун  негизинде  Кароол  айылдык  кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кароол айыл  өкмөтүнүн  Шералы айылындагы Бак участкасына таза-суу  түтүктөрүн орнотуу  жана  трансформатор  орнотуу  үчүн  Өзгөн райондук эмгек, миграция жана жаштар  бөлүмүнөн 26000 сом акча  каражаты түшүрүлүп, аппарат  бөлүмүнүн  атайын  каражаттар эсебинен 2215 статьясына  (ар кандай  чыгымдар ) жумшулсын.

2. Атайын каражаттын эсебинен түшүүчү акча каражаттын жана  аткарылуучу  иштин  сметасын бир нускасын  тиркеп көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн фининсы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Бердибековага  жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин фининсы-экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына  (А. Амиракуловго) милдеттендирилсин.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев