Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 27/6

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 329 беренесинин   IV бөлүгүнө ылайык юридикалык жер салыктарынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Ош облусунун Өзгөн району боюнча Мамлекеттик салык  кызмат башкармалыгы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын  29.01.2016-жылдагы № 15 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 339 беренелеринде көрсөтүлгөндөй  айыл  чарба жерлерин, калктуу конуштарын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн юридикалык жер салыктарынын  базалык ставкаларын жана 339-берененин III, IV бөлүмүндө каралган боюнча талкуулап Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кароол айылдык  кеңешинин  мыйзамда көрсөтүлгөндөй Салык Кодексинин 337 жана 339-беренелеринин III, IV бөлүмүнө ылайык юридикалык жер салыгынын базалык ставкасы  15%,

сугат-1 га 413 -475 сом,

кайрак-1 га 62,30-71,65 сом,

бак- 1 га 235-270 сом,

чөп ормо- 1 га 33,70-38,75 сом,

жайыт-1 га 13,90-16,0 сом) өлчөмүндө көтөрүү бекитилсин.

2. Милдеттендирилсин ФЭБ башчысына 2016-жылдын бюджетинде көтөрүлгөн базалык жер салыгы боюнча кошумча эсептөө жагы  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышынын  көзөмөлдөө жагы «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев