Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/7
Кароол айыл өкмөтүнүн өздүк архивине 2016-жыл архивариус штатын берүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн өздүк архиви үчүн жооптуу кызматкердин ордун штаттык сандын чегинде карап берүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы №499 токтомунун 2-1 пункутун, Кароол айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын 2-февралындагы № 20 сандуу сунуш катынын, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеңешинин 27- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн өздүк аппараттык архиви үчүн жооптуу кызматкердин штаттык сандын чегинде каралып 0,5 ставка өлчөмүндө айлык маянасы эсептелинип берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн өздүк архивинин 2016-жылдын архивариус штаттын мыйзам чегинде иш-кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К. Бердибековага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |