Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 27/8

Кароол айылдык өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № 26 Кароол, Мырза-Арык, № 27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2016-жыл үчүн иш-планын бекитүү жөнүндө

Кароол айылдык өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № 26 Кароол, Мырза-Арык, № 27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2016-жыл үчүн иш-планын «Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү» Мыйзамынын, «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясында каралып алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып айылдык кеңештин кезектеги 27-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кароол айылдык өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № 26 Кароол, Мырза-Арык, № 27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2016-жыл үчүн иш-планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Иш-планды аткарууну жетекчиликке алуу Кароол айыл өкмөтүнүн соц.адиси жана коомдук алдын алуу борборунун төрайымы К. Акматовага милдеттендирилсин.

3. Кароол айылдык өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № 26 Кароол, Мырза-Арык, № 27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2016-жыл үчүн түзүлгөн иш-планды аткарууга алуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн 2016-жылдын бюджетине 30,0 (отуз миң) сом каралган каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А. Сайитовго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев