Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/9
Кароол айыл аймагынын Мырза –Арык айылындагы Маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник живопись Жамбул Жумабаевдин ысымын ыйгаруу менен ысмын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айылдык кенешин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүктү калтыруу боюнча комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кенешинин Регламентине жана «Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого» ылайык Кароол айылдык кенешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагындагы Мырза–Арык айылынын маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник, живопись Жамбул Жумабаевдин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.
2. Ыйгарылуучу атоону мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүнө иш-кагаздарын бүтүрүп жана каттоодон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына(Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
Отурумду айылдык Кенешинин Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы А.Суранбаев алып барды.
Урматтуу туруктуу комиссиянын мүчөлөрү! Бугунку отурумга айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 3 депутаты жана айыл өкмөтүнүн соц адиси катышып жатат.
Урматтуу депутаттар!
Кароол айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясынын отурумуна төмөндөгү маселе сунушталат.
Кун тартибиндеги маселе:
1. Кароол айыл аймагындагы Мырза –Арык айылынын маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник живопис Жамбул Жумабаевдин ысымын ыйгаруу менен ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө.
Урматтуу депутаттар кун тартибиндеги маселе боюнча сөз айылдык Кенешинин Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү П.Курманбаевага берилет.
П.Курманбаева Кароол айылдык айылдык кенешиндеги, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы менен толук Кароол айыл аймагынын Мырза –Арык айылындагы Маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник живопись Жамбул Жумабаевдин ысымын ыйгаруу менен ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө айыл тургундарынын арызы жана 2016-жылдын 15-февралындагы элдик жыйындын чечими менен тааныштырып өттү. (арыз протокол тиркелет).
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна Кароол айылдык кенешинин Регламентине жана «Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого» ылайык Мырза –Арык айылындагы Маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник живопись Жамбул Жумабаевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында айыл тургундарынын жыйынынын протоколу келип түшкөн бул сунушту колдоп берүүнздөрдү өтүнөмүн.
Комиссиянын төрагасы:
Урматтуу депутаттар! Кун тартибиндеги маселе боюнча башка сунушунар барбы?
Депутат Сайипбаев Н: Аталган маселе боюнча бардык материалдар менен таанышып чыктык. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна Кароол айылдык кенешинин Регламентине жана «Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого» ылайык аталган жарандын ысымын ыйгаруу туура деп эсептеймин.
Туруктуу комиссиянын төрагасы: Урматтуу депутаттар аталган маселе туруктуу комиссиялнын заседанисинде карап чыктык баарын иретттештирип материалдары менен таанышып чыктык.
Маселенин токтомун колго саламын.
Токтомдордун долбоору боюнча добуш берип койсонуздар.
Каршы? Калыс ? Жок. Бир добуштан.
Жогорудагылардын негизинде туруктуу комиссиянын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын Мырза –Арык айылындагы маданият үйүнө Кыргыз Республикасына эмгек синирген художник живопис Жамбул Жумабаевдин ысымын ыйгаруу менен ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.
2. Мырза-Арык макданият үйүнүн социалдык абалына жана санитардык –гигеналык тазалыгын көзөмөлдөп туруу жагы маркумдун туугандарына милдеттендирилсин
3. Аталган токтомду бекитип берүү жагы Кароол айылдык кенешинин кезектеги сессиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.